67-берене. Жарандардын токойдо болуусу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ›13-Глава Токой фондусун маданий-ден соолук чыңдоо максатында пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 67-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Жарандар маданий-ден соолукту чыңдоо, токойдо жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды жана башка тамак-аш ресурстарын белгиленген тартипте өздөрү үчүн жыйноо максаттарында пайдалануу менен мамлекеттик токой фондунда (коомдук сервитут) эркин жүрүүгө укуктуу.
Жарандардын токойдо болуусунун тартиби, токойдун тамак-аш, дары-дармек, техникалык өнүмдөрүн жыйноо боюнча чектөөлөр, ошондой эле өрт чыгуу коркунучу мезгилинде жарандардын токойлордо болуусунун мөөнөттөрүн аныктоо мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар тарабынан белгиленет.
Жарандар токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого, дарактардын жана бадалдардын сынып, кыйылышына, токой өсүмдүктөрүнүн зыянга учурашына, токойлордун булганышына, кумурска уюктарынын, канаттуулардын уяларынын бузулушуна жол бербөөгө, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын жыйноону алардын кайра өсүшүнө зыян келтирбей турган мөөнөттө жана ыкмалар менен жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)