58-1-берене. Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү
02.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ›10-Глава Токой кыюунун түрлөрү жана жыгач даярдоонун тартиби
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 58-1-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:
- Түркстан арчасы;
- Зеравшан арчасы;
- Жарым шар сымал арча;
- Уюлдуу грек жаңгагы;
- Грек жаңгагы;
- Мисте дарагы;
- Жапайы өскөн бадам.
Өзгөчө баалуу жыгачтардын түрлөрү мамлекет тарабынан кайтарууга алынат. Токойлорду расмий уруксатсыз кыйгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(КР 2003-жылдын 28-июнундагы №120, 2007-жылдын 2-июлундагы № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)