55-берене. Агротокойчулук


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ›9-Глава Токойду пайдалануунун түрлөрү

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 55-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.

Агротокойчулукта токойду пайдалануу жерлердин категориясынын өзгөчөлүктөрүнө, жерлердин түрлөрүнө жана токойлордун корголуу категориясына жараша колдонулушу мүмкүн болгон тутумдардын түрлөрүнөн турат жана аныкталат.

Агротокойчулук тутумдарында токойду пайдалануу тутумдарынын түрлөрү, тартиби жана шарттары токой чарбачылыгы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)