50-берене. Токойду пайдаланууга акы төлөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУ›9-Глава Токойду пайдалануунун түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 50-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Кыргыз Республикасында токойду пайдалануу токой таксалары жана токойду пайдалануу үчүн акы төлөмдөр түрүндөгү акы менен жүргүзүлөт.
Жарандардын эс алуусу, ошондой эле жеке керектөөлөр үчүн жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, козу карындарды, дары чөптөрдү жыйноо акысыз жүргүзүлөт.
Токойду багуу иретинде кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюуларды, башка токой чарбачылык иштерин, токой жайгаштыруу, токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн илимий-изилдөө жана долбоорлоо иштерин жүргүзгөндө токой чарба мекемеси даярдаган жыгач үчүн, ошондой эле токой чарба мекемеси экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдаганда жана алар токойду кошумча пайдаланганда акы алынбайт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)