43-берене. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишимдери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУНУН УЧАСТОКТОРУНУН ЭЭЛЕРИНИН ЖАНА ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›8-Глава Токой фондусунун участокторун ижаралоо

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 43-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.

Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишими боюнча токой чарбасы (ижарага берүүчү) токойду пайдалануучуга (ижарага алуучуга) мамлекеттик токой фондунун участогун токойду пайдалануунун бир же бир нече түрлөрүн жүргүзүү үчүн кыска же узак мөөнөткө, акыга берүүгө милдеттенет.

Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишими кат түрүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтөт. Мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо жөнүндөгү келишимдин мазмуну менен кызыкдар болгон ар кандай юридикалык же жеке жак тааныша алат.

Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижарачылардан ижарага берүүсүнө тыюу салынат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)