37-1-берене. Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУНУН УЧАСТОКТОРУНУН ЭЭЛЕРИНИН ЖАНА ТОКОЙДУ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›7-Глава Мамлекеттик токой фондунун участокторунун ээлеринин жана токойду пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 37-1-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.

Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө укуктуу:

- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга;

- жолдордун, токой кампаларынын, өрткө каршы жана химиялык станциялардын, турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана баштапкы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана токой чарбасын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.

Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын пайдалуу жаратылыш касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;

- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу функцияларынын сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары-дармек, тамак-аш жана техникалык сырьёну жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду кайтаруу жана коргоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга.

Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен жобо менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)