36-берене. Токойлордо иш жүргүзүү тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ›6-Глава Токой чарбачылыгын уюштуруунун негиздери
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 36-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан токойлордо жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган курулуш жана жардыруу иштери, жер казынасын пайдалануу, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды тартуу, бургулоочу жана башка жумуштар мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо жана токойлорду коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду рекультивациялоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын талаптары аткарылганда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн иштер токойдун коргоо касиеттерин, токойлордун өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалын, ошондой эле аларды жаңыртып өстүрүү шарттарын начарлатпай турган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)