27-2-берене. Токойлорду биргелешип башкаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ›5-Глава Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу жана анын абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 27-2-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.

Токойлорду биргелешип башкаруу токойду башкаруу боюнча токой чарбалык иш-чараларды биргелешип аныктоо жана аткаруу үчүн ар кандай өнөктөштөрдүн - мамлекеттик, жеке жана коомдук түзүмдөрдүн биригишине жана кызматташуусуна багытталган процесстердин жана жол-жоболордун ар кандай түрлөрүн билдирет.

Токойлорду биргелешип башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)