26-берене. Токой чарба мекемеси
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ›5-Глава Мамлекеттик токой фондун мамлекеттик башкаруу жана анын абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 26-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү токой чарба мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Токой чарба мекемесинин уюштуруу-укуктук формасы, укуктук статусу жана иши жөнүндө жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Токой чарба мекемеси жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо: токой үрөн участокторун түзүү, токой үрөндөрүн даярдоо жана кайра иштетүү, көчөт материалдарын өстүрүү, токой өсүмдүктөрүн түзүү, анын ичинде агротехникалык камкордуктар жана табигый жаңылануусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралар;
- плантацияларды түзүү;
- токойду багуу, анын ичинде ушул Кодекс менен белгиленген токойлорду кыюу;
- өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу: минералдаштырылган жана өрткө каршы ажырым тилкелерди түзүү;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча, алар менен күрөшүү боюнча токойду коргоо иш-чараларын ишке ашыруу.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)