20-берене. Райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ФОНДУН КОРГОО, САКТОО, ЖАҢЫРТЫП ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ›4-Глава Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциялары
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 20-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.
Райондун (шаардын) администрациялык чек арасынын ичинде райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын карамагына:
- (абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоо келишимдерин каттоо;
- токой чарбачылыгынын маселелери боюнча статистикалык отчет жүргүзүү;
- токой ресурстарынын абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын сунушу боюнча токой мыйзамдарын, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын чарбалык аракеттерин, ошондой эле объекттердин курулушун токтото туруу;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын корутундусу боюнча - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик токой фондунун жерлеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди райондогу жерди пайдалануучулардын ортосунда бөлүштүрүү;
- токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- токой чарбачылыгынын салынып бүткөн объекттерин кабыл алууга катышуу кирет;
- мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөөдө жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылуу.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)