15-статья. Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрүнө карата менчиктик укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›3-Глава Мамлекеттик токой фондуна карата менчиктик укук

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 15-статьясы, 07.02.2024 редакциясы.

Жеке же юридикалык жактардын жеке менчигиндеги жер участокторунда жайгашкан дарак - бадал өсүмдүктөрү, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ага менчик укугунда таандык болот.

Аталган дарак - бадал өсүмдүктөрүнүн ээлөө, пайдалануу жана тескөө менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.