103-берене. Кызматтык маянасына кошумча төлөөлөр


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

07.02.2024 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

X БӨЛҮМ ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА АЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН КЕПИЛДИКТЕРИ›23-Глава Социалдык жактан коргоо жана кепилдиктер

Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 103-беренеси, 07.02.2024 редакциясы.

Токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр:

- класстык чендерине ылайык;

- токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органдарындагы иш стажы боюнча;

- иш шарттарынын регионалдык өзгөчөлүктөрүнө жараша (бийик тоолуу, алыстагы ж.б.) белгиленет.

Кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү атайын жободо белгиленет.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)