572-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепетти аткаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XI БӨЛҮМ›59-глава. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу тартиби
1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепет пробация органы тарабынан соттун токтомунун негизинде аткарылат.
2. Жаза чарасынын негизги түрү аткарылгандан кийин зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепети белгиленген адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө милдеттүү.
3. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндө кошумча укуктук кесепет белгиленген адамды контролдоо төмөнкү ыйгарым укуктуу органдарга жүктөлөт:
1) пробация органы, коомдук иш түрүндөгү жаза чарасын дайындоодо;
2) ички иштер органы, камак түрүндөгү жаза чарасын дайындоодо.
4. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан милдеттүү өтүүдөн баш тарткан адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)