571-1-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XI БӨЛҮМ›59-глава. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу тартиби
1. Ушул Кодекстин 381-беренесинде белгиленген учурларда жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үч жумуш күндүн ичинде адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген тиешелүү органга материалдарды жөнөтөт, бул тууралуу маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.
3. Адамга транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)