568-берене. Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
XI БӨЛҮМ›59-глава. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу тартиби
1. Туум эсептелбеген укук бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө токтом мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) ушул Кодекстин 559-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жөнүндө токтомду сот аткаруучуга жөнөтөт.
2. Укук бузгандыгы үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өзүнүн токтомдорун сот аткаруучуга жөнөтөт.
Токтомдорду сот аткаруучуга жөнөтүү жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.
(КР 2024-жылдын 8-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)