534-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш каралган жер
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
X БӨЛҮМ›56-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо
1. Ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 99, 1092, 126-129, 131, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193, 271, 401, 410, 411, 421-426-беренелеринде, 431-беренесинин 3-бөлүгүндө, 433, 435-439-беренелеринде, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар боюнча иштер укук бузуу жасалган жерде каралат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кошпогондо, укук бузуулар боюнча иштер ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча каралат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)