492-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

X БӨЛҮМ›51-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди козгоого жана аларды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 82, 107, 110, 111-беренелеринде, 112-беренесинин 1-бөлүгүндө, 113-беренесинде, 114-беренесинин 1-бөлүгүндө, 115-беренесинин 1-3-бөлүктөрүндө, 116-124-беренелеринде, 149, 157, 159, 177-беренелеринде, 178-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 179-181-беренелеринде, 1921-беренесинде, 199-беренесинин 8-бөлүгүндө, 238, 239, 242, 245-253-беренелеринде, 286-беренесинин 2-бөлүгүндө, 308-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жаза чараларын көрөт.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 229-234-беренелеринде каралган жаза чараларын көрөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгүндө, 115-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды кароо үчүн сотко жиберет.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157, 2025-жылдын 21-майындагы № 99, 2026-жылдын 13-майындагы № 63, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)