Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

X БӨЛҮМ›51-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди козгоого жана аларды

1. Соттор ушул Кодекстин төмөнкү беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларды көрөт:

1) укук бузуулар жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 101-1, 107-1, 109-2, 109-3, 126 - 126-1-беренелери, 126-2-беренесинин 2-бөлүгү, 127-129-беренелери, 131-беренеси, 271-беренеси, 431-беренесинин 3-бөлүгү боюнча;

2) укук бузуулар жөнүндө протоколдор улуттук коопсуздук органдары тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 410, 411-беренелери жана 431-беренесинин 3-бөлүгү боюнча;

21) Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде белгиленген тартипте каралуучу маалымат алуу укугун бузган аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана (же) актыларга даттануу боюнча арыздарды канааттандыруунун алкагында ушул Кодекстин 4131-бepeнecи боюнча;

3) укук бузуулар жөнүндө протоколдор коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлгөн ушул Кодекстин 421–426-беренелери боюнча.

4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) укук бузуулар жөнүндө протоколдор аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 4431-беренеси боюнча.

6) укук бузуулар жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 114-беренесинин 2-бөлүгү, 115-беренесинин 4-бөлүгү боюнча.

2. Соттор прокурорлор тарабынан ушул Кодекстин 99, 2282, 2284, 2287, 22810, 401, 433, 435–439-беренелери боюнча каралган укук бузуулар боюнча козголгон иштерди карашат жана жаза чараларын көрүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 27-январындагы № 30, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80, 2025-жылдын 19-майындагы № 95, 2025-жылдын 8-июлундагы № 135, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149, 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)