451-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

X БӨЛҮМ›51-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштерди козгоого жана аларды

1. Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан каралат:

1) райондук жана аларга теӊдештирилген шаардык соттордун судьялары;

2) министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн компетенцияларына ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары;

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт.

Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жеке курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет.

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу орган айрым укук бузуу фактылары боюнча жаза чарасын салууга укугу жок укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана органдарга (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)