449-берене. Транспорт каражатында жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгисин пайдалануу
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›50-глава. Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)