436-берене. Кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›48-глава. Коомдук кызматтын иши чөйрөсүндөгү укук бузуулар

Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдөө, укук коргоо жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү, ошондой эле алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу, анын ичинде мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен тоскоолдук кылуусу, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасоосу, кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо -

кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)