431-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›47-глава. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жүрүү укугун ырастоочу документтеринин (виза, каттоо, жашоого уруксаты, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк, качкындын күбөлүгү, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жоктугун, же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдалануусун же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн качуусун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү, жашоо же эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин бир айга чейинки мөөнөттө бузуусу, -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган ошол эле жосун төмөнкү мөөнөттө жасалса:
бир айдан үч айга чейин, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
үч айдан алты айга чейин, -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
алты айдан бир жылга чейин, -
жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга;
бир жылдан ашканда, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Чет өлкөлүк жарандардын кирүүдө билдирилген максатына ылайык келбеген максатта республиканын аймагында жүрүүсүн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоосун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү тартибин бузуусу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйругун ал тапшырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде аткарбоосу, -
чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүүгө алып келет.
(КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)