427-берене. Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›46-глава. Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын пайдалануу эрежелерине зыян келтирүүчү укук бузуулар

Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин жана/же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын, «Кызыл Жарым Ай» же «Кызыл Крест» же «Кызыл Кристалл» деген аталыштарды, айырмалануучу сигналын же аларга окшош болуп саналган же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон каалаган башка белгини же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же сөздөрдү белгилерде плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же ушундай жол менен маркаланган товарларды сатуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.