417-берене. Гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берүү тартибин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ›44-глава. Гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу болжолдорду берүү тартибин бузуу, же бурмалоо же болбосо маалымат булагын көрсөтпөө же финансылык пайда алуу максатында үчүнчү жакка гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын берүү, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.