404-берене. Талаптагыдай эмес жана билип туруп жасалган жалган жарнама
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ›43-глава. Маалымат, статистикалык жана жарнама иши, кинематография, телекөрсөтүү, радиоуктуруу , телекоммуникация жана почта байланышы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
Жарнама берүүчүнүн товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө, аларды өндүрүүчүлөргө же сатуучуларга карата талаптагыдай эмес же билип туруп жалган маалыматтарды таркатуусу, ошого тете милдеттүү түрдө сертификацияланууга же лицензияланууга тийиш болгон, бирок шайкештик сертификаты же лицензиясы жок продукцияны жарнамалоо, –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын пайдалануу менен жасалган ошол эле аракеттер, –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)