4-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›2-глава. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

2. Эгерде укук бузуу Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аяктаса же ага бөгөт коюлса, укук бузуу анын аймагында жасалды деп таанылат.