395-берене. Электр энергетикасы чөйрөсүндөгү бузуулар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›41-глава. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар

1. Энергия берүүчүнүн алдында өзүнүн милдеттерин бузбай аткарган керектөөчүнү же энергия менен жабдуудан өчүрүп коюу тыюу салынган керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылбоо, –

юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Өзү бекитилген аймакта электр энергиясы менен жабдууну жүзөгө ашыруучу энергия берүүчүнүн электр энергиясы менен жабдуу эрежелерин бузуусу, –

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.