372-1-берене. Товарларды же транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары өткөрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›39-глава. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Товарларды же транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары, башкача айтканда өткөрүү пункттарынан, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген башка жерлеринен тышкары же көрсөтүлгөн жерлерде бажы органдарынын белгиленген иш убактысынан тышкары өткөрүү -
жеке жактарга 600 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет, жаза чарасы колдонулгандан кийин, жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү: Товарлар ташылган транспорт каражаттарын кошпогондо, алып коюлган товарлар бажы мамилелеринде жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрү, туумдарды кошуп, ыктыярдуу түрдө эки эсе өлчөмүндө төлөп берилген учурда, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка кайтарылып берилет.
Эгерде товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жак бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, эки эсе өлчөмүндө төлөөдөн жана бажы декларациялоосун жүргүзүүдөн баш тартса, товарлар конфискацияланууга тийиш.
Укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналуучу товарлар ташылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) бажы төлөмдөрү жана туумдар төлөнгөндүгүнө, же болбосо төлөнбөгөндүгүнө карабастан конфискацияланууга тийиш.
(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)