360-берене. Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана (же) тескөө тартибин бузуу
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›39-глава. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы мыйзамдарында каралгандан, анын ичинде аларга байланыштуу мындай жеңилдиктер берилгенден башка максаттарда пайдалануу жана (же) тескөө -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)