35-берене. Туум
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ›7-глава. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери
1. Төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан 1 пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат.
2. Туумдун өлчөмү туумду кошуп эсептөө мөөнөтү өткөндөн кийин, салынган айып пулдун суммасынан 100 пайыз эсебинде кошуп эсептелет.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган укук бузуулар боюнча салынган айып пулдун өлчөмүнүн суммасына туум кошуп эсептелбейт.
(КР 2024-жылдын 8-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)