319-1-берене. Фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу тартибин бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Фискалдык программалык камсыз кылуунун оператору тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салыктык эсепке алуу максатында пайдалануучу жана белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылуунун белгиленген талаптарга ылайык келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүү, эгерде бул аракетте кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ишкердик субъект тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилбеген фискалдык программалык камсыз кылууну пайдалануу, анын ичинде фискалдык программалык камсыз кылууну каттоосуз иш жүргүзүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)