Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›6-глава. Жаза чаралары

1. Айып пул укук бузууну жасоого күнөөлүү жакка сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынуучу мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү акчалай жаза чарасы болуп саналат.

2. Айып пулдун өлчөмү укук бузуу жасалган учурда белгиленген эсептик көрсөткүчкө карата, ушул Кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн айрым учурларда - монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө укук бузууларды жасагандыгы үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын эселенген суммасы менен аныкталат

3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.

Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 22811, 2841, 2842, 311, 312, 313, 314, 3201, 3721, 373, 446-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

4. Юридикалык жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтөн кем болушу мүмкүн эмес.

Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 144, 149, 22811, 2841, 2842, 311, 312, 313, 314, 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3091, 318 жана 3191-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.

5. Жеке же юридикалык жактын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынан эсептелген айып пулдун эң аз өлчөмү укук бузуу табылган мезгилде түшкөн каражатынын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмасынын биринен кем болбоого тийиш.

Айып пулдун эң көп өлчөмү жеке же юридикалык жактын укук бузуу учурунда табылган мезгилде бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасынын ондон биринен кем болбоого тийиш.

6. Укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражатынын суммасына, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда кеткен чыгашаларынын суммасына карата эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, эгерде укук бузуучу мурдагы календарлык жылда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу же сатып алуу боюнча ишти жүзөгө ашырбаса, укук бузуу табылган жылдан мурдагы календарлык жыл үчүн, же болбосо укук бузуу табылган күндөн мурунку календарлык жылдын бөлүгү үчүн бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражаттын суммасынын жыйынды өлчөмүнүн жыйырма бешинен ашпоого тийиш.

Укук бузуучунун мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды, ставкаларын жана ушул сыяктуу) мыйзамсыз жогорулатуусунун натыйжасында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган түшкөн каражатынын суммасынан эсептелүүчү айып пулдун өлчөмү, укук бузуу жасалган жөнгө салуунун бүт мезгилинде, бирок бир жылдан ашпаган мезгилде түшкөн ашыкча каражаттын эки эселик өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

7. Ушул беренени колдонуу максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн каражат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин "киреше" түшүнүгүнө ылайык, ал эми товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык документ түрүндө ырасталган чыгымдар боюнча аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133 , 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195, 2025-жылдын 27-январындагы № 30, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 19-майындагы № 95, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)