308-берене. Салык салуудан качуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›34-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле күзөт-детектив кызматы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Салыктарды эсептөө жана төлөө менен байланышкан документтердин жоктугу же документтердеги маалыматтардын бурмаланышы же болбосо салык отчетторун кошпогондо, салык салуу менен байланышкан документтерди белгиленген мөөнөттө бербөө -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жашырууну (төмөндөтүүнү) кошпогондо, пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (төмөндөтүү) менен салык салуудан качуу, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)