302-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›33-глава. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык жана башка ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ачылган эсептерди жана салымдарды каттабоо -

- юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)