298-берене. Жеке алтын чайкоочулардан чайкап алынган алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›32-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Жеке алтын чайкоочулардан чайкап алынган алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу, аларды эсепке алуу жана сатуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.