295-1-берене. Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›32-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)