287-берене. Товар рыногунда үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›31-глава. Ишкердикти жүзөгө ашыруу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине
Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдар тобунун) товардык рынокто үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдаланышы –
юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын өлчөмүнөн бирден он беш пайызга чейин, бирок укук бузуучунун бузуу мезгилиндеги бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын жыйынды өлчөмүнөн элүүдөн биринен ашык эмес айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Жүгүртүү айып пулунун суммасынын эселигин эсептөөдө ушул Кодексте жана/же көрсөтүлгөн чөйрөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эсепке алынат.