284-берене. Ишкердикти лицензиясы жок жүзөгө ашыруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›31-глава. Ишкердикти жүзөгө ашыруу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине
Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердикти жүзөгө ашыруу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
11.Маалыматтык –коммуникациялык технологиялардын каражаттарын колдонуу менен жасалган ошол эле жосун, -
жеке жактарга – 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Лицензиялык талаптарды же лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)