282-берене. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›31-глава. Ишкердикти жүзөгө ашыруу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине
1. Сыраны (буга алкоголсуз сыра кирбейт), алкоголдук же жеңил алкоголдук ичимдиктерди чекене сатуу боюнча чектөөлөрдү бузуу, –
жеке жактарга 45 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Алкоголдук ичимдиктерди балдарга сатуу –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)