274-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›30-глава. Өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

1. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кооптуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)