245-1-берене. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›27-глава. Атмосфераны, жерди, жер казынасын, сууларды, башка жаратылыш ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар

Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аны булгоонун булактары жана көлөмдөрү жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо, калдыктарды жайгаштыруу, булгоочу заттарды ченемден ашыкча чыгаруу жана таштоо жөнүндө фактыларды жашыруу же зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келген авариялар жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгоонун деңгээли жөнүндө маалыматты бурмалоо -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)