228-2-берене. Санарип технологиялардын пайдалануучуларынын укуктарын бузуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VII БӨЛҮМ›261-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына зыян келтирүүчү бузуулар
1. Мыйзамда белгиленген, санарип документтерин пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, санарип документтерин кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн санарип документтерин пайдалануудан баш тартуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Мыйзамда белгиленген, кагаз жүзүндөгү документтерди пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн кагаз жүзүндөгү документтерди пайдалануудан баш тартуу, -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)