228-10-берене. Жасалма интеллект тутумун мыйзамсыз долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VII БӨЛҮМ›261-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына зыян келтирүүчү бузуулар

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган корголуучу байлыктарга максаттуу жана билип туруп мыйзамсыз зыян келтирүү үчүн жасалма интеллект тутумун долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)