2-берене. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
I БӨЛҮМ›1-глава. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын милдеттери жана принциптери
1. Ушул Кодекстин милдеттери болуп адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук камсыз кылуу саналат.
2. Ушул Кодекс көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана негиздерин белгилейт, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароо тартибин, аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрүн аныктайт.