19-берене. Юридикалык жактардын күнөөсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ›4-глава. Укук бузуу түшүнүгү. Укук бузуу субъекти жана анын күнөөсү

Укук бузуу жасаган юридикалык жак, эгерде аны менен эмгек мамилелеринде болгон жеке жактын, же юридикалык жактын кызыкчылыктарында аныкталган аракеттерди аткарган жеке жактын (анын ичинде келишим боюнча), өзүнүн жосунунун укукка каршы экендигин аңдап билсе же түшүнө алса жана түшүнүүгө тийиш болсо күнөөлүү деп таанылат.