Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР›46-глава. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 130-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго таандык эки же андан ашык айыл аймактарынын аймагында жайгашкан болсо, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырып, чегерилүүчү сумма тигил же бул айыл аймагында жана райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.

2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган, токой фондусунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан жерлердеги пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондуна жөнөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) 50 пайызы - облусту өнүктүрүү фондуна;

2) 30 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;

3) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.

4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) 80 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;

2) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.

5. (КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттар башка максаттарга пайдаланылбайт.

(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)