Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР›46-глава. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 129-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр пайдалуу кендердин табылган жери боюнча, региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.

(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)