56-берене. Күбө
13.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
1 БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›6-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар
1. Соттун талашты чечүүсү үчүн мааниге ээ маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон кайсы болбосун адам күбө боло алат.
2. Күбө соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана иш боюнча өзүнө белгилүү маалыматтарды жана жагдайларды билдирүүгө милдеттүү.
3. Билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн күбө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.