436-берене. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануунун тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ›48-глава. Чет өлкөлүк соттордун жана чет өлкөлүк (эл аралык) арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткарууга киргизүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
1. Чет өлкөлүк соттордун аткарууну талап кылбаган чечимдери, эгерде кызыкдар жактын бул боюнча каршы пикири келип түшпөсө, андан ары эч кандай өндүрүшсүз таанылат.
2. Кызыкдар жак чет өлкөлүк соттун чечими райондук же ага теңдештирилген сотко келип түшкөндүгү өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде бул чечимди таануу жагындагы өзүнүн каршы пикирин билдире алат.
3. Кызыкдар жактын чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикири бул жакка каршы пикирди кароонун убактысын жана ордун кабарлоо менен сот жыйналышында каралат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылган кызыкдар жактын келбей калышы каршы пикирди кароого тоскоол болуп саналбайт.
4. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануу жагындагы каршы пикирди сот карагандан кийин тиешелүү аныктама чыгарылат, ал ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.