427-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иш боюнча соттун аныктамасы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ›47-глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө аныктамада төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы;
2) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары;
3) өндүрүп алуучу мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө маалыматтар;
4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтүү.
3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарына, эгерде аксакалдар сотуна кайрылуу мүмкүндүгү жоготулбаса, аксакалдар сотуна кайра кайрылууга же ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча сотко кайрылууга тоскоол болбойт.
4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу же берүү тууралуу соттун аныктамасы ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.